Табылды Акеров: "Өкмөт дайыма парламентке отчёт берип турушу керек"

"Өкмөт дайыма парламентке отчёт берип турушу керек. Жоомарт Оторбаев өзү кетип жатып отчётун берип, аткарылган иштерин толук айтып берди". Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров билдирди. 
"Премьердин отчётунун болгону жакшы, себеби кийинки премьер өзүнүн иш планын ошого жараша түзөт. Эң кыйын участокторду оңдоого аракет кылат. Көңүл бурулбай келген тармактарга көңүл бурулат”,- деп кошумчалады Т.Акеров.   
Эске салсак, бүгүн өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев өз каалоосу менен кызматтан кетери тууралуу арыз жазарын билдирди. Ал 5-чакырылышта иштеген төрт өкмөт башчысынан айырмаланып, биринчи жолу Жогорку Кеңештин жана элдин алдында отчётун берип, андан соң кызматтан кетерин жарыялады.
“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт былтыр апрель айында дайындалган болчу.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан