Кемин районунда "Ата Мекен" партиясынын конференциясы болуп өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Асия Сасыкбаева, Туратбек Мадылбеков, Наталья Никитенко катышты.
Конференциянын жүрүшүндө элдин социалдык көйгөйлөрүн, өлкөнүн экономикалык-саясий абалын камтыган талкуулар орун алды. Бул багытта жергиликтүү тургундар депутаттарга суроо-талап, сунуштарын айтууга да жетишти. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева Кемин районунда актуалдуу көйгөйлөр арбын экендигин айтты.
"Парламенттик башкаруу системи - бул чыныгы кыргыздардын башкаруу системи. Анткени илгери мамлекеттик чечимдер курултай аркылуу башкарылган. Андыктан бул башкаруу системиндеги саясий атаандаштыктар өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө шарт түзүүдө",- деди Сасыкбаева.
Депутат Наталья Никитенко: "Ата Мекен" партиясы социалдык болгондуктан, мыйзам долбоорлордун басымдуу бөлүгү социалдык багытта жазылат. Алсак, миграция жана турак жайларды легалдаштыруу жөнүндө мыйзам долбоорлору элдин социалдык турмушундагы кыйынчылыктарды жоюуга жардам берет", - деди.
Ал эми иш-чаранын экинчи жарымы концерттик программалардын коштоосунда уланды.