Мирлан Бакиров айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин окутууга 66 миллион сом бөлүүгө каршы

Жогорку Кеңештин 29-апрелдеги жыйынында айыл өкмөтүнүн башчыларын окутуу боюнча гранттык каражат алуу маселеси каралууда. Депутат Мирлан Бакиров айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин окутуудан пайда жок экенин билдирди. 
"Айыл өкмөттөрүн 20 жылдан бери окутуп келебиз, бирок жыйынтык жок. Эми кайрадан 66 миллион сом бөлгөнү жатабыз, дагы эле жыйынтык болбойт. Окуткандан кийин ал кызматтан кетип калышы мүмкүн, окутуунун пайдасы кимге? Андан көрө бул акчага бардык айыл өкмөттөрүн компьютер жана интернет менен камсыздаш керек. 3төн компьютер коюуга жетмек, бири кетсе, экинчиси келип иштей бергидей шарт түзүү зарыл",- дейт депутат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан