Казакстандын өкмөтү отставкага кетти

Казакстандын өкмөтү отставкага кетти. Бул тууралуу буйрукка өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев бүгүн, 29-апрелде кол койгонун Казакстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка таянсак, премьер-министр Карим Масимов, өкмөт мүчөлөрү, административдик ведомстволорду жетектегендер өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин аталган кызматтардын милдетин аткаруучу иретинде ишин улантышат. Ошондой эле булардын катарына район башчылары да кирет. 

Ал эми бүгүн 5-мөөнөткө президент болуп шайланган Нурсултан Назарбаевдин инаугурациясы орун алды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан