LG: LG WEBOS 2.0 - сыналгы менен жеңил баарлашуунун ачкычы!

Акылдуу техника - келечектин тренди бүгүнкү күндө эле жеткиликтүү! Дүйнөлүк ири өндүрүүчү LG Electronics компаниясы webOS 2.0 платформасы аркылуу Smart сыналгыны башкарууда колдонуучуларга чексиз мүмкүнчүлүктөрдү тартуулоодо. 
Жаңы бийиктиктерге умтулуу LG компаниясынын стратегиясын баарынан айырмалантып турат. Инновациялык технологиялары ыңгайлуулук жана комфорт тартуулайт, эң башкысы, алар ар бир колдонуучуга жеткиликтүү жана түшүнүктүү.  
Жаңыланган платформада сыналгыны жандыруу, өчүрүү жана кызыктырган контентти издөө чыныгы рахатка айланат, анткени эч кандай ашыкча командаларды аткаруу талап кылынбайт. webOS 2.0 платформасындагы сыналгылардын үлгүлөрү мурункуларга салыштырмалуу ачык жана абдан түшүнүктүү интерфейске ээ.  
Мындан тышкары өндүрүүчүлөр сыналгынын өзүнүн түзүлүшүн жана ага мүмкүн болгон бардык кошумча жабдууларды кошуу процессин бир топ кеңейтти. webOS 2.0 базасында "акылдуу" сыналгыны жаңы жандырган учурда экранда BeanBird - анимациялык персонаж пайда болот, бул webOS 2.0 боюнча чексиз мүмкүнчүлүктөр дүйнөсүнө сүңгүп кирүүгө жардамчы жана коштоп жүрүүчү болот. Колдонуучунун эң ыңгайлуу Magic Remote пультунун жардамы аркылуу маалыматтарды жөн эле баракташы жетиштүү болот. 
Экрандын төмөн жагында "Пуск" менюсу ТВ каналдарын ыңгайлуу которууга, Smart платформасын алмаштырууга жардам берет. Бул платформа ушунчалык жөнөкөйлөтүлгөн, "акылдуу" сыналгыны ал тургай жаш бала башкара алат. Өзүнүн жаңычылдыгы жана эффективдүүлүгү үчүн webOS 2.0 "Коммуникациялык дизайн" категориясында дүйнөлүк Red Dot Awards-2014 сыйлыгына татыктуу болду. 

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
stal.ks
2015-04-30 20:50:51
акчасы канча экен?
0
A3A
2015-05-01 15:35:43
stal.ks, Баасы асман болсо керек ээ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан