Каржы министрлигине күч түзүмдөрүнүн пенсионерлерине акча төлөө боюнча көйгөйдү чечүүгө 3 күн убакыт берилди

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Абдырахман Маматалиев 29-апрелде күч түзүмдөрүнүн пенсионерлерине паёктук каражаттарын төлөө маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Маматалиев:

“Эмне себептен паёкторду төлөө маселеси мындай абалга жеткирилген? Тийиштүү мыйзам бар жана биз аны аткарууга милдеттүүбүз. Бул абалдан чыгуу бардык кызыкдар тараптардын конструктивдүү баарлашуу жолу аркылуу табылышы керек",- деп билдирди.

Кеңешме жыйынтыгында Каржы министрлигине 3 күндүк мөөнөттө күч түзүмдөрүнүн пенсионерлерине паёктук каражаттарын төлөө көйгөйүн чечүү боюнча ченемдик-укуктук акты долбоорун киргизүү тапшырмасы берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан