Быйылкы жылдын бюджети толук аткарылат. Бул тууралуу өкмөт башчылык кызматка талапкер
Темир Сариев 30-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Сариевдин "2015-жылы бардык социалдык артыкчылыктар аткарылат" деп айтканынан улам депутат
Мыктыбек Абдылдаев бюджеттин тартыштыгын анын эсине салды.
"2015-жылдын бюджети 14 миллиард сом тартыштык менен бекитилген. Учурда доллардын курсу өсүп кеткендиктен, тартыштык дагы жогорулады. Социалдык артыкчылыктарды кандай кылып аткара аласыздар?"- деп суроо салды Абдылдаев.
Сариев жооп иретинде бюджетке кайрадан өзгөртүү киргизиле турганын айтты.