“Ата Мекен” социалисттик партиясынын жаштар канаты Москвада болуп кайтты

“Ата Мекен” социалисттик партиясынын жаштар канаты Москвада болуп кайтты. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде аталган партиянын басма сөз кызматы билдирди.

“Ата Мекен” социалисттик партиясынын жаштар канатынын Москвага болгон сапарынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, студенттик, жаштар уюмдары жана Москвада иштеп, жашап жаткан мекендештер менен жолугушуулар өттү. Өз кезегинде Москвадагы ардагерлер “ата мекенчилердин” демилгесин жылуу кабыл алышып, кыргыз жериндеги ардагерлерге гвардиялык лента беришип, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата куттуктоо жолдошту. 

“Георгиев лентасынын түсү дүйнөдө, өзгөчө Орусияда фашизмге каршы күрөшүү символун туюндурат. Кыргыз Республикасы Орусиянын стратегиялык өнөктөшү катары дайым колдоп келет. Бул Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүдө өзгөчө мааниге ээ”,- деди партия лидери Өмүрбек Текебаев.

Айта кетсек, 9-май күнү Бишкектеги "Жеңиш" сейил багында митинг-реквием өтөт. Анда ардагерлерге баалуу белектер тапшырылып, саат 22:00дө “Ата Мекен” социалисттик партиясынын атынан майрамдык салют атылат.

Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасында болгону 1108 ардагер калды. Аларга бир гана 9-майда эле эмес, дайыма жардам берип турушубуз керек. 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан