Жогорку Кеңештин төрагасы мекендештерди 1-Май майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков мекендештерди Эмгекчилердин эл аралык майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

"Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан 1-Май - Эмгек майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Бул майрам – бардарчылыктын, ынтымактын жана тынчтыктын символу. Бүгүн баба дыйкандын, катардагы айдоочунун, өнөр жайда иштеген жумушчунун, мугалимдин жана врачтын, кайсы чөйрөдө болбосун, ак дилден кызмат өтөгөндөрдүн майрамы. Жараткан колдоп, эмгек адамынын талыкпаган мээнетинин натыйжасында быйылкы Улуттук экономиканы чыңдоо жылында чоң ийгиликтерге жетебиз, күчтүү кыргыз мамлекетин курууда дагы бир тепкичке көтөрүлөбүз.

Майрамыңыздар менен, мекендештер! Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо каалайм. Ак эмгегиңиздердин акыбети кайтсын! Асманыбыз ачык, ырыскыбыз мол болсун!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан