Бүгүн, 1-майда И.В.Панфилов атындагы сейил бакта "Ата Мекен" социалисттик партиясы шаардын тургундары жана коноктору үчүн 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурду. Иш-чарага "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, депутаттар Наталья Никитенко, Сайдулла Нышанов, Жоомарт Сапарбаев жана партиянын жаштар канаты катышты.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө 1-Май эмгекчилердин гана майрамы эмес, бул күн тарых барактарында эмгектенгендердин өз укуктарын коргоо күнү экенин айтты.
"Көп жылдар бою биз жакшы жөрөлгөнү улап келатабыз. Жыл сайын ушул сейил бакта Эмгекчилердин эл аралык күнүн эмгекчилер, партиялаштар жана досторубуз менен бирге өткөрүүдөбүз. Дүйнө жүзү боюнча эмгекчилер жакшы ниет жана келечекте балдары бардар жашоодо жашайт деген үмүт менен 1-Майды белгилешет. Бул күн - күнүгө талыкпай мекен үчүн кызмат кылгандардын жана өлкөсүнүн туруктуулук, бакубатчылыгына салымын кошкондордун майрамы",- деди Өмүрбек Текебаев.
Ал эми депутат Наталья Никитенко бул майрам чыныгы баатырлардын күнү экенин баса белгиледи.
"Бүгүн кубанычтуу, жарык жана жагымдуу күн. Бул күн чыныгы баатырлардын жана мекени сыймыктанчу атуулдардын майрамы десем жаңылышпайм. Дүйнө жүзү боюнча эмгектенгендер күнүгө биздин жашообузду өзгөртүп, аны жакшы нукка бурууда. Биз кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жаткандардын эмгектери менен сыймыктанабыз. Сиздердин эмгегиңиздер келечек муундун жаркын келечегине салымын кошсун. Ошондой эле үй-бүлө, жакындарыңыз мамлекет тарабынан татыктуу баалансын",- деди
Н.Никитенко.
Иш-чара концерттик программа менен уланып, анда кыргыз эстрадасынын бир катар ырчылары ырдап, чогулгандардын маанайын көтөрүштү.