Нарын шаарында 3-майда "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев, мурдагы адилет министри Алмамбет Шыкмаматов жана партиянын өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согушта жана 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондорду эскеришти. Бул тууралуу 4-майда фракциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Фракциянын мүчөлөрү Нарын шаарындагы "Тянь-Шань" эс алуу багындагы "Жеңиш" эстелигине гүлчамбар коюшуп, курман болгондорго багыштап куран окушту. Андан сырткары баатырларча курман болгон боордошторубуздун эрдиктерин эскерип, алардын элестери дайым элдин эсинде экендиктерин баса белгилешти.