Нарында Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаттарынын катышуусунда "Нарын демилгелүү жаштары" деген аталышта форум болуп өттү. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Форумга Жогорку Кеңештин депутаты Жоомарт Сапарбаев, мурдагы адилет министри Алмамбет Шыкмаматов, партиянын коомдук мүчөлөрү жана облустун райондорунан келген 300дөн ашык жаш активисттер катышышты. Форумдун биринчи бөлүгүндө Теңир-Тоо жана жалпы кыргыз жаштарынын көйгөйлөрү, жетишкендиктери талкууланды. Форумдун негизги максаты болуп жаштардын коомдогу, мамлекеттик башкаруудагы ролу кызуу талкууланды. Ошондой эле форумдун жүрүшүндө келе жаткан парламенттик шайлоого Нарын облусунан жаш активисттерди алып чыгуу маселеси да каралды.
Сөз алып сүйлөгөн Нарындын активдүү жаштары: "Биз бүгүн өзүбүздүн аракеттерибизди, алган билимибиз менен топтогон тажрыйбабызды коомдо туура багытта пайдаланалы, күнөөнү эч кимге оодарбастан, өзүбүз да туура жана түз багытта ишмердүүлүгүбүздү жүргүзөлү",- деп билдиришти. Форумга катышкан жаштар өз ойлорун талкуулап, пикир алышуу менен парламенттик шайлоого облустун аймагынан жаш активист Эрлан Аскарбековду сунушташты. Бул сунушка аталган партиянын өкүлдөрү каршы эмес экендигин билдирип, жаш активистке ийгилик каалашты. Форум "Нур" эс алуу жайында улуттук спорт оюндары менен коштолду.