"Катуу сабалып, зордукталды" делген 2 жашар бала ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Шаардык медициналык тез жардамдардын балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков билдирди.
"Баланы атасы ишемби күнү алып кетти. Атасында Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча мекеменин чечими болгон. Биз ага бир топ баракчага баланы туура кароо боюнча көрсөтмөлөрдү жазып бердик",- деди дарыгер.
Эске салсак, 11-январга караган түнү шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жаракаттар болгон. Соттук-медициналык экспертиза анын зордукталганын аныктаган. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары баланын атасынын 47 жаштагы бир тууган агасы жана анын аялы эки айга камакка алынган. Кийин баланын атасы да камакка алынып, ал 2 жылга жатак-абагына кесилген.