Сагынбек Абдрахманов: "Жер-Үй" боюнча сынакта "Кыргыз алтындын" утулушу уят, улуттук компанияны банкрот кылып, 1 долларга сатканы жатышат"

"Жер-Үй" кени боюнча сынактан "Кыргыз алтын" компаниясынын утулушу уят, өкмөт улуттук компанияны банкрот кылып, акырында муну да 1 долларга сатууга аракет кылууда",- деп билдирди SUPER.KG порталына 4-майда "Кыргыз алтын" компаниясынын башчысынын орун басары Сагынбек Абдрахманов. Анын пикиринде, сынактык комиссиянын мүчөлөрү улуттук, мамлекеттик кызыкчылыктан жеке кызыкчылыкты жогору коюшту. Абдрахманов сынактын жыйынтыгы боюнча буларды кошумчалады:
"Кыргыз алтын" 111 миллион доллар, ал эми орусиялык "Восток-геолдобыча" компаниясы 100 миллион доллар сунуштады. Бирок комиссия бизге эмес, тиги компанияга упайларды көп берип, аны жеңүүчү кылды. Муну менен биздин тоо-кен тармагында улуттук кызыкчылык деген нерсе жок экени айгинеленди. Сынакта "Кыргыз алтындын" утулушу - кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин утулушу. Менимче, бул нерсе атайын уюштурулган иш, мунун артында башка кызыкчылыктар турат". 
"Кыргыз алтындын" өкүлү Жогорку Кеңештин депутаты Игорь Гусаровду сынга алып, анын сөзү кыргыз элин шылдыңдоо экенин айтат. "Гусаров комиссия жыйынында "Кыргыз алтын" компаниясын "импотент" деп атады. Кыргыз элин шылдыңдаганы бул. Сынактын жыйынтыгына макул эмеспиз, сотко кайрылабыз. Учурда юристтер менен кеңешип жатабыз",- дейт Абдрахманов. 
Айта кетсек, бүгүн "Жер-Үй" кени боюнча сынактын жыйынтыгы чыгып, орусиялык "Восток-геолдобыча" компаниясы жеңүүчү деп табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан