Темир Сариевдин жетекчилигинин астында өкмөттүн алгачкы жыйыны башталды

Бүгүн, 4-майда жаңыдан дайындалган өкмөт башчы Темир Сариевдин төрагалыгы астында өкмөттүн алгачкы жыйыны өтүп жатат. Анда өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча үч протоколду жактыруу маселеси каралат. Жыйынга вице-премьер-министрлер, министрлер катышууда. 
Премьер-министр Темир Сариевдин айтымында, былтыр Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү боюнча тарыхый чечим кабыл алынган. "Тиешелүү келишимдер ратификациядан өткөндө биз Евразиялык экономикалык биримдиктин толук мүчөсү болуп, бажы чек аралары алынат",- деди өкмөт башчы. 
Айта кетсек, кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча акыркы 2 протоколго 8-майда кол коюлары күтүлүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан