Президент энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган Коргоо кеңешинин чечимине кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев "Өлкөнүн экономикасынын электр энергетикалык секторунун абалы жана аны андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруунун жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу" Коргоо кеңешинин чечимине кол койду. Бул тууралуу 4-майда президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Коргоо кеңешинин жыйыны 2015-жылдын 28-апрелинде мамлекет башчынын төрагалыгы алдында өткөрүлгөн. 


Чечим: 

1. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин чечимдерин аткаруунун жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө вице-премьер-министр Валерий Дилдин жана энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевдин баяндамасы маалымат катары кабыл алынсын.

2. Энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралары "канааттандырарлык эмес" деп табылсын.

3. Стратегиялык өнүктүрүүнүн төмөнкү багыттарын түзүү менен Кыргыз Республикасынын энергетикалык саясатын кайра карап чыгуу зарылчылыгы белгиленсин:

Евразиялык экономикалык союздун (ЕАЭС) алкагында келечектеги энергетикалык рыноктун субъекти катары Кыргыз Республикасынын ордун жана ролун аныктоо;

Евразиялык экономикалык союздун (ЕАЭС) жана эки тараптуу мамилелердин алкагында энергия ресурстарынын импортун жана экспортун кепилдик менен камсыз кылуу үчүн конструктивдүү, өз ара пайдалуу жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келбеген диалогду түзүү;

Борбордук Азия мамлекеттеринин энергетикалык инфраструктуралык ресурстарынын негизинде жана энергетикалык ресурстарды иштеп чыгуу жана керектөө мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын өнүктүрүү;

комплекстүү талдоо жүргүзүүнүн жана божомолдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун жана энергетикалык тармакты башкарууну камсыз кылуу;

өлкөнүн экономикалык артыкчылыктарына жана пландалып жаткан интеграциялык процесстерге ылайык энергетика чөйрөсүндө инфраструктуралык долбоорлорду тездетип ишке ашырууну камсыз кылуу, ошондой эле электр энергиясынын альтернативдик булактарын киргизүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу;

региондогу өзгөрүп жаткан климаттык шарттарда Кыргыз Республикасынын гидропотенциалын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу каралган суу ресурстарын тескөө стратегиясын иштеп чыгуу жана энергетикалык коопсуздук маселелерин чечүү.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кылынсын:

1) Мамлекеттик антикоррупциялык стратегияны ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун (мындан ары – Коргоо кеңешинин жумушчу тобу) сунуштарына жана 2014-жылдын 5-мартындагы энергетика чөйрөсүндөгү системдүү коррупцияны демонтаждоо боюнча деталдуу планга ылайык антикоррупциялык иш-чараларды кынтыксыз аткарууну камсыз кылсын.

Бир айлык мөөнөттө Коргоо кеңешинин жумушчу тобу иштеп чыккан антикоррупциялык иш-чаралардын аткарылышына талдоо жүргүзсүн жана анын жыйынтыктары боюнча пландаштырылган антикоррупциялык маселелерди аткарбаган энергетика секторунун кызмат адамдарына карата чараларды көрсүн.

2) Төмөнкү башкы элементтерге негизделген энергетика тармагынын туруктуу иштеген системин түзүү аркылуу Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды иштеп чыксын жана киргизсин:

– компанияларды бирдиктүү корпоративдик башкаруу принциптерин киргизүү менен вертикалды түзүү каралган энергетика секторун башкарууну оптималдаштыруу жана мамлекеттин менчигинде турган, Кыргыз Республикасынын энергетика компанияларынын акцияларынын пакеттерин тескөө боюнча укуктарды Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине өткөрүп берүүнү кошо алганда, ашыкча башкаруучулук жүктү жоюу;

– энергетика тармагынын чыгымдарын азайтуу жана кирешелерин көбөйтүү жолу менен активдерди жана ресурстарды натыйжалуу башкаруу, башкаруучу кадрдык курамды түзүүнүн принциптерин жана ыкмаларын өзгөртүү.

3) Мамлекеттик үлүшү бар чарба жүргүзүүчү коомдорду башкаруу органдарына кадрлар резервин түзүүнүн тартибин аныктоочу ченемдик-укуктук актыларга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизсин.

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин ушул чечиминде каралган негизги багыттарды жана башкы маселелерди ишке ашырууну камсыз кылуучу зарыл болгон ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыксын жана аларды ыкчам тартипте Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин;

4) 3 айлык мөөнөттө 2012-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын электр энергетикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясынын жоболорун карап чыксын жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин ушул чечими менен белгиленген энергетика тармагын стратегиялык өнүктүрүүнүн багыттарын ишке ашыруу боюнча конкреттүү чараларды төмөнкү багыттарды эске алуу менен иштеп чыксын:

– энергетикалык коопсуздуктун маанилүү элементи катары өлкөнүн кен казуу жайларында көмүр казууну туруктуу камсыз кылуу каралган көмүр тармагын өнүктүрүүнүн мамлекеттик стратегиясын иштеп чыгуу жана алдынкы технологияларды колдонууга киргизүү менен аны өндүрүштүк максаттарда колдонуу, көмүрдү керектөөчүлөргө жеткирүү үчүн транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү;

– электр энергиясын үзгүлтүксүз иштеп чыгуу жана гидроэлектростанцияларынын коопсуз иштөөсү үчүн зарыл болгон көлөмдү камсыз кылуу максатында, белгиленген талаптарды аткарбагандыгы үчүн энергетика секторунун кызмат адамдарынын жана жетекчилеринин жоопкерчилигин белгилөө менен энергетикалык объекттер менен байланышкан суу сактагычтардан суунун чектүү жол берилген агызууларын ченемдик-укуктук актыларда аныктоо жана бекитүү;

– экономикалык аспекттердин саясий аспекттерге өтүп кетүүсүн болтурбоо, калк үчүн тиешелүү маалыматтык жана түшүндүрүү өнөктүгүн өткөрүү менен коомчулуктун жана энергетикалык тармактын кызыкчылыктарын теңдештирүүнү камсыз кылуу максатында инфляциянын деңгээлин эске алуу менен электр энергиясына негиздүү тарифтерди түзүү;

– мүмкүн болгон тобокелдиктерге талдоо жүргүзүү жана божомолдоо жолу менен, анын ичинде калк үчүн электр энергиясын берүүдөгү чектөөлөрдү (кезектеп өчүрүүнү) жоюу максатында күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн системдүүлүгүн камсыз кылуу;

– Кыргыз Республикасынын улуттук энергетика системи үчүн кыргыз өлкөсүнүн жана КМШнын окуу жайларында электр станцияларынын, электр жана жылуулук түйүндөрүнүн энергетикалык (гидравликалык, жылуулук энергетикалык, электр техникалык) жабдууларын эксплуатациялоо боюнча адистерди (инженерлерди жана техниктерди) даярдоо жана кайрадан даярдоо системин калыбына келтирүү. Бул максаттарда өкмөттөр аралык макулдашууларга ылайык жана Орусияда жана башка өлкөлөрдө окууга берилген квоталарды эске алуу менен ыкчам тартипте энергетика чөйрөсүндө кадрларды даярдоону уюштурсун;

республиканын энергетика компанияларында электр энергиясын көзөмөлдөөнүн жана эсепке алуунун автоматташтырылган системин колдонууга киргизүүгө финансы каражаттарын табуу;

5) каржылык тартыштыктын ордун толтурууну камсыз кылууну эске алуу менен 2015-2016-жылдардын күз-кыш мезгилинин туруктуу өтүшү каралган иш-чараларды аткаруунун деталдуу пландарын иштеп чыгуу менен күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү; Токтогул суу сактагычында суунун зарыл болгон көлөмүнүн топтолушун камсыз кылуу үчүн Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБ үчүн отундун (көмүр, мазут, газ) зарыл болгон көлөмүн сатып алууга жана электр энергиясынын импортуна акча каражаттарын табуу;

6) жаңы кубаттуулуктарды тездетип ишке киргизүү, анын ичинде суу ресурстарынан көз карандылыкты азайтуу максатында кубаттуулугу 600-1200 МВт болгон Кара-Кече ЖЭСти куруу жолу менен энергетикалык потенциалды бекемдөө, ошондой эле генерацияны көбөйтүү жана улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн Сары-Жаз дарыясынын гидропотенциалын өздөштүрүү.

5. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин ушул чечиминин жоболорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги:

– бир айлык мөөнөттө бүткүл тармакты башкаруунун бирдиктүү, шайкеш жана натыйжалуу системин түзүү максатында энергетика секторун этап-этабы менен реформалоонун программасын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизсин. Ошол эле учурда биринчи этапта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү энергетикалык компаниялардын акцияларынын мамлекеттик пакетин башкаруу укугун Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине өткөрүп берүүгө милдеттүү;

– бир айлык мөөнөттө гидроэлектростанцияларында суунун толтурулушун жана сарпталышын эсепке алуу жана көзөмөлдөө механизмин өркүндөтсүн жана бул көрсөткүчтөр жөнүндө калкка үзгүлтүксүз маалымдоону камсыз кылсын;

– үч айлык мөөнөттө кесиптик жарамдуулук талаптарына жооп бербеген же коррупциялык жүйөлөр боюнча ишенимден кеткен адамдарды кызматынан четтетүү менен энергетика секторунда менеджменттин кадрдык курамын чыңдоо боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыксын. Алдыга коюлган милдеттерден улам энергетикалык тармакты башкаруунун натыйжалуу системин түзүү максатында кризис-менеджерлердин тобун тандоону жана түзүүнү ишке ашырсын;

– үч айлык мөөнөттө суу жана отун ресурстары менен камсыз кылуу жана аларды ишке ашыруу үчүн карыздык финансы каражаттарын тартуунун максаттуулугун эске алуу менен жаңы ГЭСтерди жана ЖЭСтерди куруу боюнча (техникалык, финансылык, экологиялык) долбоорлорго туруктуу иштөөсү жагынан милдеттүү түрдө экспертиза жүргүзүүнүн жаңыланган системин иштеп чыксын жана колдонууга киргизсин;

– 2015-жыл ичинде электр энергиясын башкаруу, көзөмөлдөө жана эсепке алуу системин автоматташтыруу, ошондой эле артыкчылыгы боюнча инфраструктураны реабилитациялоо боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылсын;

– 2015-жылдын аягына чейин алдынкы технологияларды эске алуу менен энергия үнөмдөө жана энергетикалык натыйжалуулук боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыксын, аларды практикалык ишке ашыруу үчүн энергиянын орду толуп туруучу булактарын (ЭОТБ) колдонуу менен генерациялоону өнүктүрүүнү камтыган зарыл шарттарды түзсүн;

– электр энергиясын үнөмдөөнүн зарылдыгы жана анын тартыштыгынын объективдүү себептери жөнүндө калкка маалымдоо боюнча кеңири маалыматтык өнөктүктү туруктуу негизде жүргүзсүн.

6. Жогорку Кеңешке энергетика компанияларын бирдиктүү корпоративдик башкаруу системин, бирдиктүү координациялоочу органды түзүү жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин ушул чечими менен аныкталган негизги багыттарды жана башкы маселелерди ишке ашыруу каралган ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун артыкчылыктуу тартипте карап чыгуу сунушталсын.

7. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан