Жалал-Абад. 7-майда Барпы-Сейил жана Эркиндик-Бакиев көчөлөрү тосулат

7-майда Жалал-Абад шаарынын борбордук Барпы-Сейил жана Эркиндик-Бакиев көчөлөрү саат 10:00дөн 16:00гө чейин тосулат. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, мындай чаралар мэрия тарабынан Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чарларды даярдоого байланыштуу көрүлүүдө.

Ал эми 9-Май - Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы шаардын "Эркиндик" аянтында уюштурулуп, салтанаттуу иш-чара аскер парады, концерттик программа, Өчпөс отко гүл коюу жана согуш ардагерлери үчүн аскер тамагын берүү менен коштолот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан