Асылбек Жээнбеков: "Кыргыз мамлекети күчтөнүп бара жатат"

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 2-3-май күндөрү Кара-Кулжа районундагы курулушу жаңы башталган жана аяктаган социалдык объектилер менен таанышты. Жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөргөнүн 4-майда ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Бийликтин ээси эл экенин айткан спикер өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди. Өлкөнү энергетикалык көз карандысыздыкка жеткирүүгө багытталган энергетикалык долбоорлор, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, дин саясатын жөнгө салуу, күчтүү армия түптөө аракети, курулуп жаткан Түндүк-түштүк альтернативдүү унаа жолу тууралуу сөз кылган. "2012-жылы жазында келгенимде бир катар талаптарды койгонсуздар. Үч жылдын аралыгында коюлган талаптардын көпчүлүгү аткарылды. Буга өзүңүздөр күбөсүздөр. Мамлекетибиз күчтөнүп бара жатат, маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүктөр жаралууда. Эң башкысы, ынтымагыбыздан жазбайлы",- дейт Жээнбеков. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан