Премьер-министр Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү боюнча кыргыз жарандарын сабырдуу болууга чакырды

Бүгүн, 4-майда өкмөттүн жыйынында өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча маселе каралып жатат. Премьер-министр Темир Сариевдин айтымында, эки принципиалдуу позиция боюнча аталган биримдикке кирүү мөөнөтү бир аз созулмакчы. Буга байланыштуу Сариев кыргыз жарандарын сабырдуу болууга чакырды. "Айрым күчтөр муну саясатташтырып жатышат. Биздин позицияларыбыз ачык-айкын. Бул Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргоо",- деди Сариев.

Мындан сырткары ал Орусиядагы мигранттардын маселесин көтөрдү. "Орусияда ар бир мекендешибиз патент алуу жана экзамен тапшырууга 30-50 миң рубль төлөйт экен. Евразиялык экономикалык биримдикке кирген соң кыргыз жарандары жергиликтүү калктыкындай укуктарга ээ болушат",- деп кошумчалады өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан