“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Конституция күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев мекендештерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен куттуктады. Куттуктоодо төмөнкүлөр айтылат:

"Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен куттуктайм! 1993-жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы бир нече авторитардык бийликтин күчөшүнө алып келген өзгөртүүлөргө дуушар болду. Биздин өлкөнүн эли үй-бүлөлүк-кландык башкарууга моюн сунбай, 2005-жылы жана 2010-жылы элге каршы жүргүзүлгөн режимдерди кулатты.

2010-жылдын 27-июнунда референдум аркылуу кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы парламенттик демократиянын өнүгүшү үчүн бекем негиз түзүп берди. Бүгүн биз жаңы мамлекеттик түзүлүштүн тутумун кабыл алгандан кийинки өнүгүү жолундагы алгачкы кадамдарды жасап жатабыз. Баш мыйзамда жазылган даанышмандык жана акыйкаттык биздин бардык иштерибизге өбөлгө болуп, багыттарыбызды аныктап турат деп ишенем.

Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын милдети – Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорун сактоо жана укуктук мамлекеттин принциптерин коргоо. Ушундай жол менен гана келечекти курууга болот. Майрамыңыздар менен куттуктап, сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана иштериңиздерге ийгиликтерди каалайм!"


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан