Бишкек шаарында 12-майдан 12-июнга чейин ысык суу берүү токтотулат. Мэриянын билдиришинче, тийиштүү жарлыкка мэр Кубанычбек Кулматов 4-майда кол койду. Ысык суу берүүнүн токтотулушу жабдууларды оңдоп-түзөө, 2015-2016-жылкы жылуулук мезгилине даярдык көрүү иштерине байланыштуу экени айтылды.
Эскерте кетсек, былтыр ысык суу берүү 19-майдан 19-июнга чейин, 2013-жылы 13-майдан 13-июнга чейин токтотулган.