Кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык союзга кирүүсүндөгү протокол долбоорлору жактырылды

Премьер-министр Темир Сариев 4-майда кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү процесси боюнча жыйын өткөрдү. Уюмга кирүүдөгү протоколдордун долбоорлору каралып, жактырылды. Өкмөт жетекчиси буларга токтолду:
"Былтыр 23-декабрда Евразиялык экономикалык союзга мүчө мамлекеттердин башчылары кыргыз мамлекетин ЕАЭСке кошуу боюнча келишимге кол коюшкан. 8-майда мамлекет башчылары аталган келишим боюнча протоколго кол коюшат. Андан соң бул документтер ратификациядан өтүшү керек, ошондо Кыргыз Республикасы ЕАЭСтин толук кандуу мүчөсү болот".
Сариев ЕАЭСтин таасири уюмга кошулган күндөн баштап тие баштаарын, товар, капитал жүгүртүү, кызмат көрсөтүү жана мигранттардын жумушка орношуу эркиндиги пайда болорун айтты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан