Бишкекте 15-16-май күндөрү гендердик теңчилик боюнча эл аралык конференция өтөт

Жогорку Кеңеш 15-16-май күндөрү Бишкек шаарында "Пекин+20" конференциясынын чечимдерине ылайык, гендердик теңчиликке жетүүдөгү парламенттин ролу" аттуу эл аралык конференция өткөрөт. Конференциянын максаты - кыргыз мамлекетинде эл аралык милдеттенмелеринин алкагында гендердик теңчиликке жетүүдөгү парламент менен өкмөттүн ролун арттыруу.

Жыйынга даярдык көрүү жана өткөрүү иштери Пекин шаарында өткөн Аялдардын абалы боюнча IV дүйнөлүк конференциянын 20 жылдыгына арналууда. Анын негизги милдеттеринин бири - парламенттин, өкмөттүн жана жарандык коомдун иш-аракеттерин "Пекин декларациясы" менен "Аракет" планформасын ишке ашырууга багыттоо. Андан сырткары мындай иш-чараны өткөрүү кыргыз жеринде гендердик теңчиликти өркүндөтүү боюнча системдүү чаралардын иштелип чыгуусуна түрткү берери айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан