Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги өкмөттүк эмес уюмдардын арасында "Мамлекеттик социалдык буюртма жөнүндө" мыйзамга ылайык сынак жарыялайт. Сынактын темалары төмөнкүлөр:
1. Патриоттуулук, үй-бүлө мамилелери жана руханий баалуулук тууралуу мыкты социалдык роликке сынак уюштуруу. Долбоордун максималдуу бюджети 200 миң сом, ишке ашыруу мөөнөтү 2 ай.
2. Билим алуу жана кесип тандоо жаатында жаштарга түрткү берүүгө багытталган көргөзмө, жарманкелерди уюштуруу жана өткөрүү. Долбоордун бюджети 260 миң сом, ишке ашыруу мөөнөтү 2 ай.
3. Чакан жана орто бизнести түптөө боюнча айылдык жаштарга тренинг, семинарларды өткөрүү. Долбоордун максималдуу бюджети 160 миң сом, ишке ашыруу мөөнөтү 3 ай жана башка.
Жалпы 12 тема боюнча сынак жарыяланды. Документтер 2015-жылдын 5-июну, саат 17:00гө чейин Бишкек шаары, Раззаков көчөсү - 8/1 дареги боюнча кабыл алынарын аталган министрликтен 6-майда билдиришти.