Ошто Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата уюшулган Жеңиш эстафетасын кабыл алуу аземи өттү

Ош шаарында бүгүн, 6-майда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата уюшулган Жеңиш эстафетасын кабыл алуу аземи өттү. Мэриядан кабарлашкандай, ага КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын 

Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча башкармалыгынын башчысы Кубатбек Жээнбаев, өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча башкармалыгынын жана "Ош" чек ара кошуунунун өздүк курамдары менен күч түзөмдөрү, Орусиянын Ош шаарындагы консулу, ардагерлер, калаа тургундары жана студенттер катышышты.

Вице-мэр Замирбек Аскаров бул иш-чара чек арачылардын жана жалпы эле КМШ өлкөлөрүнүн элдеринин ортосундагы биримдикти, ынтымакты бекемдей турганын, Жеңиш эстафетасы Ош шаары аркылуу өтүп жатканы чоң сыймык экенин белгиледи. 

Иш-чаранын жүрүшүндө гильзаларга топурак салынып, Өчпөс отко гүлчамбарлар коюлду жана чогулгандар согушта курман болгондорду эскеришти.

Кошумчалай кетсек, эстафета Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин тышкы чек араларын бойлой өтүүдө жана анын жүрүшү Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына арналган.

Жеңиш эстафетасын кыргыз чек арачылары казак кесиптештеринен 2-майда өткөрүп алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан