Бишкекте 9-майда боло турган Жеңиш парадына кызуу даярдык көрүлүп жатат

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында 9-майда боло турган Жеңиш парадына даярдык көрүлүүдө. Бул күнү жалпысынан 1500гө жакын аскер кызматкери эл алдына чыгып, 71 аскер техникасы көрсөтүлөт. КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз катчысы Азамат Дүйшөмбековдун айтымында, быйыл башка жылдардан айырмаланып аскер органдарынын бардык түзүмдөрү катышып, учактардын саны салыштырмалуу көбүрөөк болот.

Быйыл муну менен катар Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган парад кыргыз-орус аскерлеринин курамынан турат. Ага Канттагы Орусиянын аскердик базасынан 70 жоокер катышат. Жалпысынан 17 учак көрсөтүлөт, алардын 9у тик учак, 8и учак болот. Ошондой эле Куралдуу күчтөрдүн аскерлери жаңы формаларын кийип чыгышат”,- деп билдирди Дүйшөмбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан