Буга чейин кыска убакыт аралыгында Оштогу аэропорттун 600 кызматкеринин 300гө жакыны жумуштан мыйзамсыз бошотулган. Буга байланыштуу “Ата Мекен” фракциясы кезексиз жыйынга чогулду. Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары “Манас” Эл аралык аэропортунун Оштогу филиалынын кызматкерлерин кабыл алды.
Жолугушуунун алкагында Ош аэропортунун коопсуздук кызматынын башчысы Данил Токтогонов баштаган кызматкерлер буга чейин аэропортто иштеген 600 кызматкердин 300гө чукулу жумуштан мыйзамсыз бошотулганын билдирди. Анын айтымында, алардын ордуна Ош аэропортунун учурдагы жетекчиси А.Алиев өзүнүн тааныш, туугандарын жана жакындарын жумушка кабыл алган.
"Баса белгилей кетчү жагдай, алар тажрыйбасына, адистиги туура келбегендигине карабай ишке кабыл алынышкан. Аэропортто эмгек жамааттын арасында ич ара ажырым пайда болуп, ал барган сайын курчуп баратат”,- дейт Данил Токтогонов.
Кызматкерлердин маалыматына ылайык, мындай кырдаалдын түзүлүшүнө Ош аэропортунун жетекчиси А.Алиевдин адистиги туура келбегендиги себеп. Мындан тышкары кызматкерлер 1997-2000-жылдары А.Алиевдин үстүнөн 2 кылмыш иши козголгону туурасында да кулак кагыш кылышты.
Кайрылгандардын маалыматын уккан “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары 300гө чукул кызматкердин жумуштан мыйзамсыз бошотулганын териштирүү жана калыбына келтирүү боюнча тийиштүү органдарга кайрылуу жолдошту. Ош аэропортунун жетекчисинин жоопкерчилигин карап, аны жумуштан бошотуу боюнча өкмөткө кайрылуу жасашты. Ошондой эле Алиевдин 1997-2000-жылдары кылмышка тиешеси болгон-болбогонун аныктоо үчүн УКМКга, Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлигине кайрылуу чечимин кабыл алышты.
Эске салсак, Ош аэропортунун кызматкерлери көптөн бери адилеттүүлүк издеп, бүгүн маалымат жыйын да өткөрүшкөн.