Кыргыз жериндеги Улуу Ата Мекендик согуштун 1141 ардагерине мааракелик медаль берилет. Бул тууралуу жарлыкка президент
Алмазбек Атамбаев 2013-жылдын 25-октябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин тиешелүү чечиминин негизинде кол койгонун 7-майда президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Мааракелик медалдарды тапшырууну уюштуруу милдети өкмөткө жүктөлгөн. Айта кетсек, мамлекет башчы 6-майда "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 70 жыл" мааракелик медалдарды Орусиянын Москва шаарындагы Кызыл аянтта өтчү Жеңиш парадына катышууга жөнөп кеткен 13 ардагерге тапшырган.