Нарын. Муниципалдык кызматкерлер аттестациялоодон өтүштү

Бүгүн 8-ноябрь күнү Нарын шаарындагы «Кыргыз-Түрк» лицейинде шаардык мэриянын, шаардык кеңештин, муниципалдык менчик департаментинин жана айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлерин аттестациялоо болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин 04.08.2012-жылдагы №141-жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматкерлерин аттестациялоо жөнүндө» Жобо бекитилген. Жобого ылайык аттестациялоону уюштуруп, өткөрүү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына жүктөлгөн. Аттестациянын тесттик тапшырмасын аткарууда шаардык мэриянын 6, шаардык кеңештин 3, муниципалдык менчик департаментинин 5 жоопту кызматкери катышты. Ал эми оозеки аңгемелешүү жана жазуу тапшырмалары жакынкы күндөрү боло тургандыгы маалым болду. Аттестациядан өткөн муниципалдык кызматчыга ээлеген кызмат ордуна ылайык келет; класстык чен берүү сунуш кылынат; ээлеген ордуна ылайык келет, класстык чен берүү сунуш кылынбайт; ээлеген ордуна ылайык келбейт деген чечимдердин бири кабыл алынат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан