“Бишкек машина куруу” ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2010-жылы аталган ишкананын кызмат адамдары коргоого ылайыкталган жабдыктарды 154 миң долларга сатып жиберишкен. Ошол учурда сатылган жабдыктардын рыноктогу наркы 1 миллион 106 миң доллар турган. Мындан улам мамлекетке 952 миң доллар зыян келтирилген. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.