Жогорку Кеңештин 7-майдагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу 5-класстар үчүн тарых боюнча окуу китептеринде мурунку президенттер макталып жазылганына нааразычылыгын билдирди.
"Бүгүнкү күнү мурдагыдай идеология жок. Ошол китептерде өлкөнүн мурунку президенттеринин качып кеткени жазылышы керек. Бул тарыхый чындык",- деди Бакир уулу. Депутат тарых жана адабият сабактары боюнча китептердин аз басылып жатканына да нааразы болду.
"Мамлекетибиздин келечегин ойлойлу. Эмнеге физика, химия боюнча китептер басылып чыгарылууда? Ал эми кыргыз тарыхы, адабияты боюнча жаңы китептер чыкпай жатат?"- деп өкмөткө суроо салды.