Турсунбай Бакир уулу "менин эч кандай саунам жок" деп Ички иштер министрлигинин катын көрсөттү
Жогорку Кеңештин 7-майдагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу өзүнүн саунасы жок экенин билдирди. "Ички иштер министрлигинен расмий кат келди, мына. Менде эч кандай сауна же притон жок",- деди депутат. Эскерте кетсек, буга чейин КСДПнын Коррупцияга каршы күрөшүү комитети билдирүү жасап, келерки шайлоодо сауна же сойкуканалары бар депутаттарга добуш бербөө чакырыгын таштаган. "Сауна же сойкуканалары бар" дешип бир катар депутаттардын аты-жөнү жарыяланган. Тизмеде Бакир уулу да болгон.