Өкмөт жетекчиси Темир Сариев бүгүн, 7-майда Ош облусунда иш сапары менен жүрөт. Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн өкүлү Ашырбек Темирбаев билдиргендей, премьер-министр бүгүн Араван районунда болот. "Мындан тышкары жазгы талаа иштеринин жүрүшү боюнча селектордук жыйынга, Кара-Суу районунда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган расмий иш-чараларга, Ош шаарындагы Өчпөс отко гүл коюу аземине катышат",- деди өкмөттүн парламенттеги өкүлү. Өкмөт башчы кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" көзөмөлдөп өткөрүү пунктуна да барары айтылды.