“Түркмөнстан элинин жана өкмөтүнүн атынан, ошондой эле өзүмдүн атымдан сизге Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктоомду жолдойм. Сиз өлкөңүздү мындан ары өнүктүрүү жана гүлдөтүү боюнча алдыга коюлган маселелерди ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ар дайым ден соолукта, күч-кубаттуу болушуңузду каалайм”,- деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Бердымухамедов согуштун ардагерлерине жана достук мамиледеги кыргыз мамлекетинин элине ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалады.