Валерий Диль: "Өкмөт кичи авиацияны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт"

Вице-премьер-министр Валерий Диль 6-майда кыргыз мамлекетинде кичи авиацияны өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйында жеңил жана өз алдынча куралган учактарды колдонуу, ата мекендик кичи авиацияны жандантуу маселелери талкууланганын өкмөттөн билдиришти. Диль: "Өкмөт уюштуруу маселелерине, тармакты өнүктүрүү үчүн укуктук-нормативдик базаны карап чыгууга жардамын берет",- деп билдирди. Жыйынтыгында Транспорт жана коммуникация министрлигине жана Жарандык авиация агенттигине республикада кичи авиацияны өнүктүрүү үчүн тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунуштамасын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан