Мугалимдер “майрам күндөрүнө бизге айлык төлөнбөй жатат" деп нааразычылык билдиришүүдө

Жогорку Кеңештин 7-майдагы жыйынында депутат Гүласал Садырбаева мугалимдерден түшкөн даттануу тууралуу билдирүү жасады. Мектептердин биринин мугалимдер жамааты “Майрам күндөрүнө эмне үчүн мугалимдерге эмгек акы төлөнбөйт?” деген маселе койгонун айтат депутат. Парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы катары Каныбек Осмоналиев тиешелүү министрликке суроо-талап жөнөтүп, мектептерде майрам күндөрүндө өтүлүүчү сааттар башка күндөргө жылдырылып, аларга эмгек акы төлөнүп келе жаткандыгы боюнча расмий жооп алганын билдирди. Бирок көпчүлүк райондордо мындай даттануулар болуп жатканын айткан депутат Садырбаева муну жер-жерлерде текшерүүнү өкмөткө табыштады.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан