Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев 7-майда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди жана Кыргыз Республикасынын элин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
“Каардуу согуш жылдары майданда жана оорукта көрсөтүлгөн улуу эрдик, кажыбас кайрат, эбегейсиз баатырдык элдерибиздин тарыхына түбөлүккө жазылып калды. 9-Май - Жеңиш күнү чынында эле баарыбызды бириктирген тарыхый маанилүү окуя болуп саналат. Ошол катаал жылдардын сыноолорунан өткөн элдерибиздин достугу, ажырагыс биримдиги мындан ары да Азербайжан менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы көп тараптуу кызматташууну жана өз ара аракеттенишүүнү бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кубаттуу түрткү болот деп ишенем”,- деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Алиев президент Атамбаевге, согуштун жана ооруктун ардагерлерине, ошондой эле кыргыз мамлекетинин элине бекем ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалады.