7-майда Жогорку Кеңеште ири ишкердик жана чарбалык субъектилерге колдоо көрсөтүү менен алардын карыздарын кайра түзүмдөштүрүү максатында депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан мыйзамдын долбоору каралып, анын концепциясы экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Демилгечилердин берген маалыматына караганда, көп ишканалар кыйынчылык кездерде айрым салык түрлөрү боюнча карыз болуп калышкан. Ошондон улам айрым ири ишканалардын буга чейинки айыптык санкциялар боюнча туум карыздарын жоюу сунушталууда.
"Ишканалардын негизги карыздары төлөнүүгө тийиш. Алар кыргыз мамлекети Бажы биримдигине киргенге чейин өз карыздарынан жеңилденип алышы керек. Эгер алар карыз бойдон кала беришсе, көптөгөн кудуретсиз ишканалар пайда болуп, менчиктештирилип кетиши мүмкүн. Мыйзам долбооруна өкмөт да каршы эмес", - дейт депутат Алла Измалкова.
Салык кызматынын өкүлү мыйзам кабыл алынып калса, негизги карыздардын төлөнүшүнө жол ачыла турганын билдирди.