Алкоголдук ичимдиктерди саат 22:00дөн 08:00гө чейин сатууга тыюу салуу сунушталды

Жогорку Кеңештин 7-майдагы жыйынында алкоголдук ичимдиктерди сатууну чектөөгө багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланды. 

Демилгечилердин бири депутат Дастан Бекешевдин айтымында, түнкү саат 22:00дөн таңкы саат 08:00гө чейин алкоголдук продукцияларды сатууну чектөө зарыл. "Бул чара өзгөчө кечки жана түнкү убактагы адамдардын мас болуп алып зордук-зомбулуктарды жасоосун кыскартат деген ойдобуз. Ошондой эле көңүл ачуучу жана коомдук тамактануучу жайларда (кафе, бар, ресторан ж.б.) аракты куюп сатууга тыюу салууну сунуштайбыз",- деди Бекешев.

Мындан тышкары долбоордо сыра ичимдигин 2 жана андан жогору литрдеги желим бөтөлкөдө өндүрүүгө жана жүгүртүүгө тыюу салуу сунушталды. "Мыйзам долбоорунда тыгындалган полимердик идиштерде арактарды жүгүртүүгө тыюу салуу киргизилген. Мисалы, эл арасында колдонулуп жүргөн “читок” же “йогурт” деп аталган пластикалык стакандардагы арактар алкоголдук көз карандылыктан жабыр тарткан адамдардын арасында өтө эле кеңири белгилүү. Мындай стаканчалар кеңири таркатылган жана баарына, анын ичинде балдарга да жеткиликтүү. Себеби баасы 15-18 сомду түзөт",- деп кошумчалады Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан