Жогорку Кеңештин 7-майдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев "кыргыз мамлекетинин айдоочулук күбөлүктөрү жол кыймылы жөнүндө эл аралык конвенцияга жооп бербейт" деп билдирди. Депутат учурда Орусияга кетип жаткандар айдоочулук күбөлүктөрүн Орусияныкына алмаштырууга аракет кылып жатышканын айтат. "Бирок алмаштыра алышпайт. Орусияда мындай жасалма күбөлүктөрдү кайдан алганын сурашат. Ал жакта унаа каражаттары бар жарандарды колдоого керектүү бир нече пункттар жок болууда",- деген депутат бул маселеге чара көрүүнү өкмөткө табыштады.