Аскер лицейинин студенттери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин салтанаттуу түрдө куттукташты

Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин студенттери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин салтанаттуу түрдө куттукташты. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти. 

Маалым болгондой, иш-чара жаштар арасында мекенчилдик сезимди ойготуу, Ата Мекенге болгон сүйүүнү өрчүтүү, тарыхты билүү максатында өткөрүлдү. Лицейдин тарбиялануучулары Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арнап ардагерлерге “Менин эсимде! Мен сыймыктанам!” аттуу адабий-музыкалык композицияны аткарышты. Салтанаттуу иш-чарага КРнын Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери, ооган жоокерлери, Жоокерлер энелеринин республикалык комитетинин төрайымы У.Байгубатова жана лицейдин мугалимдер жамааты катышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан