Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин 8-майдагы саммитинде кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүндө пайда болгон кыйынчылыктар негизги маселе катары каралат. Бул тууралуу Орусиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаковго шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
"Кыргыз өлкөсүнүн кошулуусу негизги маселе болушу күтүлөт. Акыркы күндөрү бул багытта кыйынчылыктар пайда болгон. Ошондуктан бул кыйынчылыктар талкууга алынат. Март айында кыргыз тарап өкмөттөр аралык деңгээлде макулдашылган протоколдорго бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Биримдиктин мүчөлөрү бул өзгөртүүлөрдү туура эмес деп эсептеген. Мындан улам кыргыз мамлекетинин кирүү маселеси сөзсүз каралат",- дейт Ушаков.