“Сиздердин каармандыгыңыздар менен адамзаты фашисттик кара тумоодон сакталып калды. Биз сиздерден үлгү алып чоңойдук, бизди сиздердин кадамдарыңыздар шыктандырып келди. Бүгүнкү күндө бизге ошол сиздер жеңишке жетишкенге шарт түзгөн жана бизге тынчтыкты, бактылуу турмушту тартуулаган патриоттуулук дух, интернационализм керек”,- деп билдирди спикер.
Парламент жетекчиси 300 миңден ашуун кыргыз мамлекетинин жарандары фронтко кетишкенин, алардын 100 миңден ашууну согуштан кайтпай калганын белгиледи. "Кыргыз өлкөсүнүн 73 жараны "Советтер Союзунун Баатыры" деген жогорку наам алса, 34ү Даңк орденинин толук кавалери болгон. Согушта атылган ар бир бешинчи ок кыргыз жеринен казылып алынган коргошундан куюлган. Ар бир үчүнчү снаряд кыргыз калайынан жасалган”,- деп кошумчалады Жээнбеков.
Ардагерлерге гүл жана белектер тапшырылганын ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.