Бүгүн, 9-майда Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Улуу Жеңиштин 70 жылдык мааракесине карата салтанаттуу аскердик парад болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Иш-чара концерттик программалар, күч органдарынын, аскер бөлүктөрүнүн атайын багыттагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан машыгуулардын тактикалык элементтери менен коштолуп, аягында аскердик салтанаттуу жүрүш менен аяктады.