Оштун вице-мэри менен Кытайдын өкүлү 2015-жылкы соода жүгүртүү тууралуу сүйлөшүштү

Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов эл аралык СУАР КЭР жарманкеси иштери боюнча башкармалыктын башчысынын орун басары Чи Вэньцзе менен жолугушту. Мэриянын билдиришинче, тараптар 2015-жылкы соода жүгүртүүгө тийиштүү маселелерди талкуулашты. "Жарманкеде кийим, айыл чарба, зер жасалгалары жана эксклюзивдүү чет элдик товарлар көрсөтүлөт. Азия-европалык товар жарманкеси 2015-жылдын 12-16-августунда Кытайдын Үрүмчү шаарында өтөт",- деп билдирет мэрия. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан