9-классты жана 11-классты бүтүрүп жаткан окуучуларга аттестаттарды салтанаттуу тапшыруу аземи 20-22-июнь күндөрүнө белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри
Эльвира Сариева билдирди.
Айта кетсек, быйыл мектептерде Акыркы коңгуроо 29-майга жылдырылды. Мындан тышкары мектеп бүтүрүүчүлөрүнө майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө, мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынды.