Москвага парадга барган кыргыз мамлекетинин 13 ардагери Бишкекке кайтып келди

11-майда кыргыз мамлекетинин 13 ардагери Москва шаарынан Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Коргоо министрлигинен билдиришти. 

"Ардагерлер Москва шаарында 5 күн болушту. Бул тыгыз иш-чараларга толгон күндөрдө алар Жеңиштин 70 жылдык мааракесине арналган салтанаттардан тышкары маданий эс алдыруучу, таанытуучу иш-чараларга дагы катышышты. Ленинград кең көчөсүндөгү Манастын эстелигинде болушту, Воробьёв тоосуна жана ыйык-сыйынуучу тоого жайгашкан Улуу Ата Мекендик согуш музейине барышты, ошондой эле Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн музейи менен таанышышты. Москва дарыясында теплоход менен жүрүштү. Андан тышкары адагерлерге Москвадагы кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү тарабынан салтанаттуу түшкү тамактандыруу уюштурулуп, концерттик программа тартууланды",- деп билдирет министрлик.

Эскерте кетсек, 13 ардагер 9-майда Кызыл аянттагы парадга жана мурдагы Советтер Союзунун курамындагы өлкөлөрдөн чакырылган өкүлдөр менен бирге башка салтанаттарга катышышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан