1 адамдын кызылча жана кызамыктан айыгып кетүүсүнө 6-7 миң сом сарпталганы мамлекеттин бюджетине таасирин тийгизип жатат

Кызылча жана кызамыктан айыгып кетүүгө орто эсеп менен бир адамга 6-7 миң сом сарпталат. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда маалымат жыйын учурунда Жугуштуу оорулар боюнча республикалык клиниканын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди. Анын айтымында, мындай каражаттар биринчи учурда мамлекеттин казынасына залалын тийгизип жатат.

Вакцинанын баасы болгону 60 сом турат. Эмдөөдөн бекер өтүп, көптөгөн акча каражаттарын үнөмдөсө болот”,- деди дарыгер.

Дарыгердин айтымында, учурда кызылча жана кызамык менен ооруп кайрылгандардын саны бир топ азайган.

Быйылкы жылдын январь жана февраль айларында бир күндө биздин ооруканага 150-200 адам кайрылып, алардын 100гө чукулун ооруканага жаткырганга туура келген. Учурда Бишкек жана Чүй облустарында кырдаалдын турукташканы байкалды. Азыр 55 адам дарыланууда жатат”,- дейт Аалиев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AnarRazakovich
2015-05-12 20:06:14
Охооооо!!! Менин семьямда уч адам оорудук, мамлекеттен бир тыйын берилбеди, жана кеткен жок! Мен оз каражатым менен дары дармек, бозо, кызгалдактын кайнатмасы ж.б. берип, жылуу режимди сактап эле сакайттым, жана мен тааныган тууган, кошуналарым да мамлекеттен акча, дары ж.б. алышкан жок. Ал эмес ушул кунго чейин, айылды оору каптап жатса да элге вакцина сайыла элек (бугун 12.05.15 мектеп окуучулары алыптыр). Мына коррупция кай жерде!... Менин семьямдын устунон эле ~20 000 сом жешеби ошондо?!!! А
0
AnarRazakovich
2015-05-12 20:10:16
Анда эмесе эмненин негизинде ушунча каражат кетти деп айтып жатат?!!! Эртен элге бирден вакцина сайса, ар биринен 6940 сомдон миндирип кое беришет экен да...((
0
sarishka
2015-05-13 02:46:47
Ushu bizdin mamleket kizmatkerleri kalp suilogondon uialushpait
Eee kudaidan korksonor bolo
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан