Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 15-сентярбга жылдырууга каршы. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда маалымат жыйынында аталган министрликтин башчысы Эльвира Сариева билдирди.
“Балдардын мектепке 1-сентябрда барышы салт болуп калган. Биз аны бузбашыбыз керек. Окуу программасын кандайдыр бир жылдыруулар же кыскартуулар жайкы каникулдун кыскарышына алып келет. Балдар жайында 3 ай эс алып, кийинки окуу жылына даярданышы керек”,- деп түшүндүрдү Сариева.
Айта кетсек, окуу жылынын башталышын 15-сентябрга жылдыруу сунушу Жогорку Кеңеште айтылган.