Эльвира Сариева: "1-сентябрдан баштап бардык мектеп окуучулары бирдей форма кийүүгө милдеттүү"

"Быйылкы жаңы окуу жылынан баштап бардык мектеп окуучулары бирдиктүү мектеп формасын кийүүгө милдеттүү",- деп билдирди бүгүн, 12-майда маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева.
Министр учурда окуучулар билими менен эмес, кийими менен атаандашып жатканын белгиледи. "Бирдиктүү мектеп формасын кийүү мектептин жобосунда белгилениши керек. 2015-жылдын 1-сентябрынан тарта тийиштүү буйрук күчүнө кирет. Мектептерде тартип орнотуу максатында ушундай чечимге келгенбиз",- деди министр.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 1-июлунда бирдиктүү мектеп формасы боюнча Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган сынактын жыйынтыгы чыгарылып, окуу жылында кийилүүчү мектеп формасы аныкталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
isabek_kg
2015-05-12 14:38:13
Туптуура мен колдойм ишинерге ийгилик
+2
jetinur90
2015-05-12 15:26:07
Тартипти орното албай калдынар окшойт мектептерде,себеби озунордо тартип жок да. СССРдин билим беруу схемасы жоюлду,сааттар кыскарды,батышты туурап окутуп,кыскасы манкурт болот окшойт эмки балдар. Мугалимдер оздору да билимсиз.
0
myshka406
2015-05-12 15:34:04
аябай жакшы болот эле, чечим кабыл алынып, анан албетте иштесе!!!
+1
mira28
2015-05-12 15:36:01
Бул форма кунумдук кийгенге ылайыксыз ач тустогу кийимдер айыл жериндеги балдарга жарабайт себеби 5 6 кундук окуу кунундо ким жууп тазалайт айыл жеринде иш коп.сатып алганга мумкунчулугу жок уй булолор дагы деле алалбайт дагы деле ар турду форма жаралат Москва шаарында ата энелерге жыл башында кара кок тустогу безрукавка жемпир шым однотоновый рубашкп сунушталган баары магазинден мумкунчулугуно жараша кийимдерди алышат бирок свети бирдей окуучклар бирдей кийинишет
-2
sabyr1977
2015-05-12 16:09:45
mira28, сатып алганга шарты бар.ансыз деле жыл сайын балдарга мектепке кийим сатып алышат.азыр мектепте кимиси мугалим кимиси окуучу айырмалай албайсын.окшош форманы мен колдойм.
+2
bakyt_2015
2015-05-12 20:57:46
mira28, Айыл жери азыркы тапта Москвалык кыкелерден ойдо эле жашайт.
+1
mira28
2015-05-13 02:53:58
bakyt_2015, Москвадан ошол кыкелер кыйналып акча салып турса конечно ойдо жашайт да менин айтайын дегеним кээ бир колунда жокторго оор келет тиги формалар 2-ден начар качестводо тигилет тиги жугуму жок жилеттен горо трикотаж ынгайлуу болмок жана оздорунун муктаждыгына жараша кийим алмак
0
Adish
2015-05-12 16:27:02
Кээ бир окучулар мугалиминен жакшы кийинишет,мисалы колунда барлардын кыздары .Мектеп формасын туура кылышат.
+2
abdyldaeva
2015-05-12 18:15:01
Туура мен колдойм! Бирок формалар сапаттуу болсо!
+1
KGstan81
2015-05-12 19:55:48
кыргыз арнаментеринен кошуп коюшсун
0
Amantur.
2015-05-12 20:02:55
Эльмира Сариева деген Темир Сариевдин бир тууганы болбойбу?

Форманы "милдеттүү түрдө" кылышып эң жакшы иш аткарышыптыр.Давно ушинтиш керек болчу.
0
albina2010
2015-05-12 21:12:52
Amantur., карындашы болсо керек бирок жакшы иш алып кетип жатышат маладец окшош болсо жакшыда мугалим окуучуну айырмалайсын
0
saku94
2015-05-13 00:19:43
Amantur., Сариева менен Сариевди бир туугандар эмес деп укканым бар,булардын Фамилиясы гана окшош болсо керек....

0
aika1405
2015-05-12 20:27:55
Милдеттуу турдо дегени жакшы экен,а бирок акчасы чонтокко туура келеби,сапаты кандай,бир жылы клетка форма сатып бергенбиз солбурогон материалдан,бул форма карапайым элге баары бир кымбат болот коросунор.Анан балдар жыл сайын осуп батпай кыйналабыз,бул форманын баасын ким билет,менимче 3000 минден жогору болсо керек.Коп балалуулар кантет,бул формадан сырткары дагы канча кийим кече,дептер дегендей,айта берсен толтура.....
0
albina2010
2015-05-12 21:17:34
aika1405, менин эжем 4-класстагы уулуна 1500сом 9-класстагы уулуна 1900сом берем деп айтты кл жетекчилери айтыптыр
0
aika1405
2015-05-12 20:29:23
Кечиресинер уч минди ката жазып алыпмын.
0
nurbol4
2015-05-12 21:54:16
бул дагы бир бизнеста.форманын качествасы жок менин балдары былтыргы жылы кийишти эн жакшысы балдарга ак жейде кыздарга ак кофта кара юпка.
0
Begim_4
2015-05-12 22:38:43
Хиджап кийгендер ошол бойдон калуусу керек!
Себеби бизде азыр демократия, демократиянын мыйзамы элдин ою менен ишке ашат, а бизде 85 пайызы Мусулмандар, демек хиджапка каршы болбоосу керек!
0
Gsuita
2015-05-12 23:26:23
Бирдей форма кийген аябай ынгайлуу экен.Биздин балдар быйылкы жылы эле отушкон.
0
MADAM-MADINA
2015-05-13 08:35:51
Биз жазгандарды окуса экен Элвира эжекем...мен колдойм..тартип болуш керек..такыр эле озум билем отугумду торго илем деп калбай..КОЛДОЙМ КОЛДОЙМ КОЛДОЙМ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан